22 сен

Роза Акназарова Таласста өткөн конференцияда Депозиттерди коргоо боюнча агентигинин негизги максаттары жана иштери жөнүндө кыскача баяндама берип кетти.

2021 жылы 20  сентябрда Талас шаарында А.Огонбаев атындагы  Музыкалык школдо Кыргыз Республикасынын  Эгемендүүлүгүнүн урматына «Эгемендүүлүкө салым кошкон айымдар» аттуу облус айымдарынын конференциясы болуп өттү. Уюштуруучулар Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас областынын өкүлчүлүгу жана «Талас Айымдары» аялдардын коомдук бирикмеси болду.

Конференцияга коомдук ишмерлер, Жогорку Кеңештин экс депутаттары алардын ичинде Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин Директорлор  кеңешинин төрайымы Роза Акназарова да катышуучулардын арасында болду.

Роза Акназарова конференцияда Депозиттерди коргоо боюнча агентигинин негизги максаттары жана иштери жөнүндө кыскача баяндама берип кетти. Ошондой эле, ар бир жараандардын банктагы депозиттери кепилденген учур келгенде үстөк пайыздарды кошкондо 200 миң сомдон ашпаган компенсация төлөнүп берерин, кепилдик учур башталгандан кийин 30 күндүк мөөнөттөн кечиктирилбей Агенттик компенсация төлөмдөрдү баштаарын ж.б. депозиттерди коргоо системасы жөнүнүндө маалыматтарды айтып берди.