КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Бишкек шаары, 2011-жылдын 21-сентябры N 567
Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомунун редакциясына ылайык)
«Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомунун редакциясына ылайык)
- Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансылык жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
- Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | А.Атамбаев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн |
Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги жөнүндө
ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 826, 2017-жылдын 21-июлундагы № 441, 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
- Жалпы жоболор
- Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги (мындан ары — Агенттик) жөнүндө ушул жобо «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты жана Агенттиктин ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин, анын ыйгарым укуктарын, милдеттерин, функцияларын аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомунун редакциясына ылайык)
- Агенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
- Агенттик «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана ушул Жободо белгиленген ыйгарым укуктар жана милдеттер жүктөлгөн, пайда алуу максатын көздөбөгөн оперативдик башкаруу укугундагы мамлекеттик мекеме — юридикалык жак болуп саналат.
- Агенттиктин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби түшүрүлгөн, өз аталышы мамлекеттик жана расмий тилдеринде жазылган мөөрү бар. Агенттиктин расмий толук аталышы:
мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги;
расмий тилде: Агентство по защите депозитов Кыргызской Республики.
Агенттиктин штампы, белгиленген үлгүдөгү фирмалык бланкы бар.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомунун редакциясына ылайык)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана коммерциялык банктардын, микрофинансылык компаниялардын, турак жай-сактык кредиттик компаниялардын төлөмдөрүнүн эсебинен Депозиттерди коргоо фондусун толуктоо үчүн каралган Агенттиктин эсеби Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында ачылууга жана тейленүүгө тийиш. Агенттикти кармоого каралган Агенттиктин банктык эсептери коммерциялык банктарда ачылат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомунун редакциясына ылайык)
- Агенттик өкүлчүлүктөрдү түзүүгө жана Кыргыз Республикасынын региондорунда өз өкүлдөрүн дайындоого укуктуу.
- Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Агенттиктин ишине кийлигишүүгө укугу жок.
- Агенттиктин милдеттери
- Агенттиктин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
— Кыргыз Республикасында аманаттарды коргоо системасынын ишин камсыздоо;
— Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Мыйзамына ылайык кепилденген учур келгенде аманатчылардын укуктарын коргоону камсыздоо;
— Депозиттерди коргоо фондун түзүү;
— Депозиттерди коргоо фондунун бош каражаттарын натыйжалуу башкаруу;
— банкты, микрофинансылык компанияны, турак жай-сактык кредиттик компанияны жоюудан түшкөн каражаттарды төлөнгөн компенсациялардын ордуна Фондго кайтаруу.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомунун редакциясына ылайык)
III. Агенттиктин функциялары
- Агенттиктин функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
— Депозиттерди коргоо фондун түзүү үчүн төгүмдөрдүн эсебин алуу жана жыйноо;
— банк-катышуучулардын, катышуучу микрофинансылык компаниялардын, катышуучу турак жай-сактык кредиттик компаниялардын реестрин жүргүзүү;
— аманаттар боюнча төлөөгө тийиштүү сумманы жана компенсация суммасын эсепке алуу;
— кепилденген учур келгенде аманатчыларга компенсациялык сумманы ыңгайлуу жолдор менен төлөө;
— Депозиттерди коргоо фондусунун бош каражаттарын жайгаштыруу жана компенсациялык суммаларды аманатчыларга төлөөгө жетишпеген шарттарда каражаттарды тартуу;
— отчеттуулуктун негизинде төгүмдөрдүн өлчөмүн эсептөө жана Депозиттерди коргоо фондусуна банк-катышуучулардан, катышуучу микрофинансылык компаниялардан, катышуучу турак жай-сактык кредиттик компаниялардан түшкөн төгүмдөрдү жыйноо;
— аманаттарды коргоо системасынын банк-катышуучуларындагы, катышуучу микрофинансылык компанияларындагы, катышуучу турак жай-сактык кредиттик компанияларындагы аманатчылардын маалымат базасынын белгиленген талаптарга жооп бергендигин аныктоо;
— ички контролдоо;
— аманаттар боюнча компенсацияларды төлөөнү камсыздоо максатында агент банкты тандоо;
— «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, төлөнгөн компенсациялардын жоюлуучу банктан, микрофинансылык компаниядан, турак жай-сактык кредиттик компаниядан Депозиттерди коргоо фондуна кайра ордунун толтурулушун камсыздоо;
— депозиттерди коргоо системасы жөнүндө коомдун маалымдуулугун арттыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүү.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 826, 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
- Агенттиктин ыйгарым укуктары
- Функцияларды жана милдеттерди ишке ашырууда Агенттик төмөнкүлөргө укуктуу:
— Агенттиктин иштерин ишке ашыруу үчүн керектүү келишимдерди жана контракттарды түзүү;
— зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын, жеке жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн, ошондой эле Агенттиктин иштерин ишке ашыруу үчүн көз карандысыз эксперттерди тартуу;
— «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган таасир көрсөтүү чараларын банкка, микрофинансылык компанияларга, турак жай-сактык кредиттик компанияларга карата колдонуу сунушу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына кайрылуу;
— Агенттиктин жүктөлгөн милдеттерин аткаруу үчүн керектүү маалыматты Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан сурап алууга;
— катышуучу банктардан, катышуучу микрофинансылык компаниялардан, катышуучу турак жай-сактык кредиттик компаниялардан депозиттерди коргоо системасы жана алардын банк, микрофинансылык компаниялар, турак жай-сактык кредиттик компаниялар тарабынан аманатчыларга «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган формада жана тартипте кызматтар көрсөтүлүүчү аймакта депозиттерди коргоо системасына катышуусу тууралуу маалыматты жайгаштырууну талап кылуу;
— банкрот-банктын, микрофинансылык компаниянын, турак жай-сактык кредиттик компаниянын жоюучусунан аныкталган формада жана белгиленген мөөнөттө Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Мыйзамы жайылтылуучу жеке адамдардын аманаттары жөнүндө маалыматтарды талап кылуу;
— (абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июлундагы № 441 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
— Агенттиктин ишин камсыздоого байланыштуу кыймылсыз мүлктү, кыймылдуу мүлктү жана башка мүлктү алуу;
— төгүмдөрдү жана өз убагында төгүмдөрдү төлөбөгөндүк үчүн банк-катышуучуларга, катышуучу микрофинансылык компанияларга, катышуучу турак жай-сактык кредиттик компанияларга айыптарды жана туумдарды белгилөө жана салууну кошкондо, өз убагында толук төлөөнү камсыздоого багытталган тийиштүү иш аракеттерди жүргүзүү;
— Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен бирдикте жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен макулдашылган тартипке ылайык, аманаттар жөнүндө маалыматтарды жүргүзүүнүн тийиштүү талаптарга, банктын аманатчылардын алдындагы милдеттенмелеринин көлөмүнө жана структурасына ылайыктыгын аныктоо, Депозиттерди коргоо фондуна взносторду төлөө, ошондой эле «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген башка милдеттерди банктардын аткаруу маселелери боюнча банктын проблемаларын алгачкы стадиясында жайгаруу процессине катышат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 826, 2017-жылдын 21-июлундагы № 441, 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
- Агенттик төмөнкүлөргө укугу жок:
— Агенттиктин Кыргыз Республикасынын «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Мыйзамында көрсөтүлгөн милдеттерден, функциялардан жана ыйгарым укуктардан тышкары ишмердикти жүргүзүүгө;
— юридикалык жактарды түзүүгө же алардын катышуучусу болууга;
— Агенттиктин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн, башка мамлекеттик органдарды, юридикалык жактарды жана коомдук уюмдарды, ошондой эле жеке адамдарды кредиттөөгө, аларга кандай формада болбосун финансылык жана финансылык эмес жардам көрсөтүүгө.
- Агенттиктин башкаруу органдары
- Агенттиктин башкаруу органы болуп Директорлор кеңеши жана Агенттиктин аткаруучу директору саналат.
- Агенттиктин Директорлор кеңеши (мындан ары — Директорлор кеңеши) Агенттиктин жогорку башкаруу органы болуп саналып, жети мүчөдөн турат:
— Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан дайындалуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үч өкүлүнөн, анын ичинде Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин бир өкүлү жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин эки өкүлү (коллегия мүчөсүнүн деңгээлинен төмөн эмес);
— Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасы тарабынан дайындалуучу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын үч өкүлүнөн (Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасынын мүчөлөрүнүн деңгээлинен төмөн эмес);
— Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын биргелешкен чечими менен дайындалуучу банктык иштер жагында көз карандысыз эксперттен.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 826 токтомунун редакциясына ылайык)
- Директорлор кеңешинин мүчөлөрү өз ишин акысыз негизде жүргүзөт.
- Директорлор кеңешинин төрагасы жана Директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары Директорлор кеңешинин мүчөлөрү тарабынан, жөнөкөй көпчүлүк добуш менен 2 жылдык мөөнөткө дайындалышат.
- Директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары Директорлор кеңешинин төрагасынын орду бош турган же ал убактылуу жок болгон учурда, анын милдетин аткарат.
- Агенттиктин Директорлор кеңешинин компетенциясына түздөн-түз төмөнкүлөр кирет:
— Агенттиктин аткаруучу директорунун сунушу боюнча Депозиттерди коргоо фондусуна чегерилүүчү календардык жана өзгөчө учурлардагы төлөмдөрдүн өлчөмүн бекитүү;
— Агенттиктин уюштуруу түзүмүн жана бекитүү;
— Агенттиктин ички аудит кызматынын ишине жетекчилик жүргүзүү;
— Агенттиктин аткаруучу директорунун сунушу боюнча кепилденген учур келгенде, аманатчыларга компенсацияларды төлөп берүү;
— Агенттиктин аткаруучу директорунун сунушу боюнча инвестициялык саясатты аныктоо, Агенттиктин контрагенттери боюнча чектөөлөрдү белгилөө;
— Агенттиктин бюджетин жана анын аткарылышы боюнча отчетту бекитүү;
— Агенттиктин жылдык отчетун бекитүү;
— Агенттиктин аткаруучу директорунун отчетун жыл сайын угуу;
— кызыкчылыктардын кагылышы боюнча Агенттиктин комплекстүү саясатын бекитүү;
— тышкы аудит жүргүзүү үчүн аудитордук уюмду жыл сайын тендерлик негизде аныктоо жана Агенттикте жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктарын алуу;
— «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык милдеттенмелерди жабуу үчүн Агенттиктин карыз алуусуна макулдук берүү;
— Агенттикти жана депозиттерди коргоо системасын өнүктүрүүнүн стратегиялык планын бекитүү;
— депозиттерди коргоо системасы жөнүндө коомчулуктун кабардар болуусун жогорулатуу боюнча Агенттиктин программасын бекитүү;
— «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана бул Жободо каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 826, 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
- Директорлор кеңеши өзүнүн жыйынында бекитилген регламентине жараша жыйындарды өткөрөт. Директорлор кеңешинин жыйынында кворум беш мүчөдөн турат. Чечим Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар бирдей болуп калган шартта, Директорлор кеңешинин төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
- Директорлор кеңешинин кезексиз чакырылган жыйындары Директорлор кеңешинин төрагасынын же болбосо Директорлор кеңешинин төрт мүчөсүнүн демилгеси боюнча өткөрүлүшү мүмкүн.
Директорлор кеңешинин мүчөлөрү өз ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүгө укугу жок.
Директорлор кеңешинин катчысы ар бир жыйында протокол жүргүзөт, ага Директорлор кеңешинин жыйынга төрагалык кылган мүчөсү жана катчы кол коет. Директорлор кеңешинин чечими төрага кол койгон токтом түрүндө кабыл алынат.
- Агенттиктин ишине жетекчиликти анын аткаруучу директору жеке башкаруу принцибинин негизинде жүзөгө ашырат.
- Агенттиктин аткаруучу директору:
— Агенттиктин Директорлор кеңешинин компетенциясына таандык маселелерди эске албаганда, Агенттиктин ишине тиешелүү бардык маселелер боюнча чечим кабыл алат;
— Агенттиктин иш маселелери боюнча буйруктарды жана тескемелерди чыгарат, Агенттиктин кызматчыларын кызмат ордуна дайындайт жана бошотот;
— Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдарына ылайык Агенттиктин кызматкерлерин ишке алуунун шарттарын, эмгек акы төлөө системасын, кызматтык милдеттерин жана укуктарын, кызматкерлер үчүн сыйлоо жана тартиптик жазалоо системасын аныктайт;
— Агенттиктин тийиштүү иштерин ишке ашыруу үчүн жеке жана юридикалык жактар менен келишимдерди жана контракттарды түзөт;
— бардык сот органдарында, мамлекеттик органдарда жана уюштуруу-укуктук формасына карабастан башка мекемелерде жана уюмдарда, ошондой эле жеке ишкерлер жана жарандарга карата Агенттиктин атынан чыгат жана анын таламын коргойт;
— аткаруучу директордун орун басарлыгына дайындалуучу талапкерди Директорлор кеңешинин кароосуна сунуш кылат жана аны иштен бошотуу маселесин коет;
— Директорлор кеңешинин жыйынына катышат жана өзүнүн компетенциясына кирген маселелерди Директорлор кеңешинин кароосуна сунуштайт;
— Агенттиктин күндөлүк иши үчүн жооп берет;
— Депозиттерди коргоо фондусунун каражаттарынын пайдаланылышы, ошондой эле Агенттиктин инвестициялык ишинин жүзөгө ашырылышы жана аткарылышынын натыйжасы үчүн жоопкерчиликтүү болот;
— Агенттиктин ишинин натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка функцияларды, ыйгарым укуктарды жана укуктарды жүзөгө ашырат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 826, 2019-жылдын 5-декабрындагы № 662 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
- Аткаруучу директор жана анын орун басары Агенттиктин Директорлор кеңешинин сунушу боюнча Президент тарабынан дайындалышат.
Аткаруучу директор жана анын орун басары кызмат ордуна кайрадан дайындалышы мүмкүн.
Аткаруучу директор жана анын орун басары төмөнкүдөй учурларда кызматтан бошотулушу мүмкүн:
1) өзүнүн арызы боюнча;
2) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүнө ылайык жазыктык жоопкерчиликке тартылуучу жосунду жасаганда;
3) кызматтык милдеттерин аткаруунун мүмкүн эместиги мамлекеттик медициналык комиссиянын корутундусу менен ырасталганда;
4) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда;
5) «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18 жана 19-беренелеринде каралган талаптарга ылайык келбегенде жана талаптарды аткарбаганда (бузганда);
6) өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарбаганда жана Агенттиктин кызыкчылыктарын бузган иштерди жасаганда, Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн аткаруучу директорду жана анын орун басарларын дайындаган адамга киргизген сунушу боюнча.
Агенттиктин аткаруучу директору жокто анын милдеттерин орун басары аткарат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрындагы № 826 токтомунун редакциясына ылайык)
- Агенттиктин ишин уюштуруу
- Агенттикке жүктөлгөн милдеттерди аткарууга байланыштуу Агенттиктин операциялык чыгымдары жана башка сарптоолору ар бир финансылык жылга төмөнкүлөрдүн эсебинен жабылат:
— жылдын башындагы Фонддо топтолгон каражаттардын жана аманатчыларга компенсациялар төлөнгөндөн кийин Фондго кайра кайтарууга тиешелүү болгон каражаттардын жыйындысынын өлчөмүнүн жылдык 2 пайызынан;
— Фонддун бош каражаттарын жайгаштыруудан алынган кирешенин 25 пайызынан;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамында тыюу салынбаган башка каражаттардан.
- Агенттик ар дайым эсепти жана отчеттуулукту эл аралык финансылык отчеттуулуктун стандарттарына ылайык жүргүзөт жана жалпыга маалымдоо каражаттарына тийиштүү формада, мезгил-мезгили менен жарыялайт жана ар бир адамдын талабы боюнча берет.
- Агенттиктин финансылык-чарбалык ишин контролдоону ички аудит кызматы жүргүзөт.
- Агенттиктин жылдык отчету Директорлор кеңеши тарабынан бекитилет.
- Агенттикке тышкы аудит жүргүзүү үчүн Директорлор кеңеши финансылык жылдын аякташына 6 айдан кем эмес мөөнөт калганда тендердик негизде көз карандысыз аудитордук уюмду аныктайт.