2026-жылга карата ишмердүүлүктүн артыкчылыктары 2025-жылдын 26-ноябрында Лиссабон шаарында өткөн Аткаруучу комитеттин жыйынында бекитилип, 2025-жылга карата жумуш программанын жетишкендиктерине негизделет. Алар депозиттерди камсыздандыруунун натыйжалуу тутумдарынын кайра каралган Негизги (негиздөөчү) принциптерин практикалык жактан ишке ашырууга, санариптештирүүнүн таасирине жана ДКЭАнын 2026–2030-жылдарга карата келечектүү стратегиялык программасын иштеп чыгууга багытталган.
Стратегиялык максаттар жана милдеттер мурунку жетишкендиктерге таянып, жаңы тенденцияларды эске алуу менен аныкталат. Ошону менен катар сегиз аймактык комитет ДКЭАнын миссиясын илгерилетүүдө, потенциалды жогорулатуу жана окутуу боюнча демилгелер аркылуу, мындан ары да маанилүү ролду ойнойт.
ДКЭА Негизги принциптерди ар тараптуу ишке ашырууну колдоо максатында шайкештикти баалоо боюнча колдонмону жаңыртат, кризистик абалды башкаруу жана жөнгө салуу практикасы сыяктуу ишке ашыруудагы маселелерди чечет, депозиттерди камсыздандыруу жаатындагы мыйзамдар жана ченемдик укуктук актылар менен алмашуу үчүн борборлоштурулган платформаны иштеп чыгат, ошондой эле мүчөлөрдүн Негизги принциптерге шайкештикке жетишүүсүнө колдоо көрсөтүү үчүн жаңы окутуу программасын ишке киргизет.
Мындан тышкары, ДКЭА дүйнө жүзү боюнча депозиттерди камсыздандыруу тутумдарын чыңдоого багытталган учурдагы демилгелерди улантат, анын ичинде жыл сайын жүргүзүлүүчү маалымат чогултуу иштерин кеңейтүү жана мүчөлөр, ошондой эле эл аралык өнөктөштөр менен өз ара кызматташууну тереңдетүү каралат.
