Ж.Баласагын атындагы КУУнун Экономика жогорку мектебинде
2 жана 4-курстун студенттери үчүн Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө арналган кезектеги лекция 8-корпусунда болуп өттү. Лекциянын жүрүшүндө студенттер депозиттерди коргоо системасы, аманаттарды туура сактоо жана финансылык сабаттуулук тууралуу пайдалуу маалымат алышты. Иш-чараны уюштурган мугалимдерге жана активдүү катышкан студенттерге чоң ыраазычылык!








