Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө карата жалпы студенттер үчүн чоң жыйын залында лекция болуп өттү. Лекциянын жүрүшүндө студенттер депозиттерди коргоо системасынын мааниси жана аманаттарды сактоонун жолдору тууралуу пайдалуу маалымат алышты. Иш-чараны жогорку деңгээлде уюштурган университеттин администрациясына, мугалимдерге жана активдүү катышкан бардык студенттерге терең ыраазычылык билдиребиз!








