Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан 23-сентябрь-Мамлекеттик тил күнүнө арналып уюштурулган расмий жыйынга катышты. Расмий жыйындын жүрүшүндө Агенттиктин атынан Комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиевге жана бир катар сыйлуу конокторго чакан белектер тапшырылды.





