Бүгүн Агенттик тарабынан Демир Банк кызматкерлери үчүн Кыргыз Республикасындагы депозиттерди коргоо системасы тууралуу тренинг уюштурулду. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга системанын иштөө принциптери, максаты жана кардарлардын кызыкчылыктарын коргоодогу ролу тууралуу маалымат берилди.
Кызматкерлер тренингдин жогорку деңгээлде өткөнүн белгилеп, чоң таасир алгандыгын жана ушундай иш-чараларды кеңири аудитория үчүн өткөрүү зарылдыгын билдиришти.
Агенттик Демир Банкка кызматташтыгы жана активдүү катышуусу үчүн ыраазычылык билдирет.


