Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин өкүлдөрү — аткаруучу директор Букуев К.Дж. жана кызматкерлер Танабаев Ч.М., Шергазиев С.Ж. 2025-жылдын 9–10-декабрында Россия Федерациясынын Москва шаарында «Аманаттарды камсыздандыруу агенттиги» мамлекеттик корпорациясы тарабынан уюштурулган ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин депозиттерди камсыздандыруу уюмдарынын эл аралык иш-чараларына катышышты.
Иш-чаралардын алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын Финансылык рыноктор боюнча консультативдик комитетинин алдындагы ЕАЭБ аймагында кредиттик уюмдарды жоюу, финансылык жактан сауыктыруу жана банкроттук маселелерин, ошондой эле банктык аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу (кепилдөө) чөйрөсүндөгү мыйзамдарды гармонизациялоо боюнча Эксперттик топтун кезектеги жыйыны, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин депозиттерди камсыздандыруу уюмдарын санариптештирүү багытындагы өз ара аракеттенүү боюнча Жумушчу топтун жыйыны жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аманаттарды камсыздандыруу уюмдарынын жетекчилер кеңешинин жыйыны өткөрүлдү.
Эксперттик топтун жыйыны Россия Федерациясынын «Аманаттарды камсыздандыруу агенттиги» мамлекеттик корпорациясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу Филатова М.В. тарабынан куттуктоо сөзү менен ачылды.
Күн тартибиндеги эксперттик корутундулардын долбоорлорун талкуулоодо жыйынды ЕЭКтин Финансылык саясат департаментинин банктык саясат бөлүмүнүн башчысы, Эксперттик топтун жетекчисинин орун басары В.В. Ковалев алып барды.
Жыйында күн тартибине ылайык төмөнкү эксперттик корутундулардын долбоорлору каралып, талкууланды:
— «Аманаттарды камсыздандыруу системасында тобокелдиктерди башкаруу, аманаттарды камсыздандыруу системасын стресс-тестирлөө» (баяндамачы — Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги);
— «Депозиттерди камсыздандыруучунун ишмердүүлүгүнүн үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу системасы» (баяндамачы — Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги);
— «Аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу (кепилдөө) уюмунда процесстик башкаруу жана ички контролдоо системасы» (баяндамачы — Россия Федерациясынын «Аманаттарды камсыздандыруу агенттиги»).
Мындан тышкары, ЕАЭБ мамлекеттеринин депозиттерди камсыздандыруучуларынын өкүлдөрү аманаттарды камсыздандыруу системаларына коюлуучу талаптар боюнча ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын гармонизациялоого байланыштуу макулдашылган сунуштарды бекитишти. Бул ЕАЭБдин жалпы финансылык рыногун калыптандыруу жолундагы маанилүү этап болуп саналат.
Ошондой эле жыйында депозиттерди камсыздандыруу чөйрөсүндөгү эл аралык документтерди кайра кароого байланыштуу баяндамалар талкууланды:
— ДКЭАнын принциптеринин жаңы редакциясы (баяндамачы — Казакстандын депозиттерге кепилдик берүү фонду);
— ЕБ директиваларынын жаңы редакциялары (баяндамачы — Россия Федерациясынын «Аманаттарды камсыздандыруу агенттиги»).
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин депозиттерди камсыздандыруу уюмдарын санариптештирүү багытындагы өз ара аракеттенүү боюнча Жумушчу топтун жыйынында Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин өкүлдөрү жана Армениянын аманаттар боюнча ордун толтурууга кепилдик берүү фонду депозиттерди камсыздандыруучуларды санариптештирүү темасы боюнча IADI жана EFDI уюмдарынын жарыялары тууралуу баяндама жасашты. Ошондой эле «кереге кеңеш» форматында жыйындын катышуучулары депозиттерди камсыздандыруучулардын ишине жасалма интеллект технологияларын киргизүүнүн келечегин жана электрондук төлөмдөр шартында банк-агенттердин келечегин талкуулашты.
Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аманаттарды камсыздандыруу уюмдарынын жетекчилер кеңешинин жыйынына катышты. ЕАЭБ мамлекеттеринин жана Өзбекстан Республикасынын депозиттерди камсыздандыруу уюмдарынын жетекчилери банк секторундагы жана аманаттарды камсыздандыруу системаларындагы учурдагы абал боюнча маалымат алмашышты. Ошондой эле ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин депозиттерди камсыздандыруучулары кызматташуу жөнүндө жаңы Меморандумга кол коюшту. Бул документ кызматташтыктын жаңы багыттарын аныктоого жана мындан аркы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү үчүн укуктук жана уюштуруучулук негиз түзүүгө мүмкүндүк берет.
Жыйындын алкагында Россия Федерациясынын «Аманаттарды камсыздандыруу агенттиги» мамлекеттик корпорациясынын өкүлдөрү депозиттерди коргоо боюнча маалыматтык порталды өркүндөтүү тууралуу маалымат беришти. Бул портал Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү менен ЕАЭБ мамлекеттеринин депозиттерге кепилдик берүү уюмдарынын ортосунда диалог жүргүзүү үчүн аянтча болуп кызмат кылат.


