Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттигинде Дүйнөлүк каражаттарды топтоо күнүнө карата «Медиа шерине» иш-чарасы өттү!
Бул жолугушууга мамлекеттик мекемелердин пресс-катчылары жана пиар-адистери чакырылып, Агенттиктин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алышты. Лекцияны Агенттиктин аткаруучу директору Букуев Кадырбек өткөрүп, андан кийин викторинанын жеңүүчүлөрүнө белектер тапшырылды. Кийинки «Медиашерине» эстафетасы @minjustkg_official Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине өткөрүлдү.

