31-октябрда белгилене турган Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнүн алкагында 14-октябрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде жана Бишкектеги К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде депозиттерди коргоо жана каржылык сабаттуулук боюнча лекциялар өттү.
Иш-чараларда аманаттарды коопсуз сактоо, депозиттерди коргоо системасынын негизги принциптери, аманатчынын укуктары, узак мөөнөттүү топтоо ыкмалары жана жеке бюджетти пландоо тууралуу практикалык маалыматтар берилди. Катышуучулар активдүү суроо-жооп форматында талкууга катышып, керектүү колдонмолорду алышты. Бул лекциялар Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө арналган кеңири маалыматтык кампаниянын бир бөлүгү болуп, мындай жолугушуулар мындан ары да уланат.
