Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин укуктук жолдоо жана көйгөйлүү зайымчылардын кайрылууларын кароо боюнча сектордун башкы адиси бош кызмат ордуна талапкерлерди тандоо үчүн
ачык сынак жарыялайт
Квалификациялык талаптар:
- юридикалык жогорку билим;
- тиешелүү жумушта 5 жылдан кем эмес иш тажрыйба, анын ичинде ички ченемдик укуктук актыларды жана укуктук актыларды иштеп чыгууга, юридикалык жактардын кызыкчылыктарын соттук коргоого, ошондой эле уюмдардын ишин укуктук камсыздоого катышуу тажрыйба;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү;
- Мыйзам чыгаруу жана ченем жаратуу иш тажрыйба;
- сотто доо коюу иштери боюнча тажрыйба;
- заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу менен укуктук документтерди системалаштыруу, эсепке алуу жана жүргүзүү боюнча иш тажрыйба;
- Башкармалыктын, Директорлор кеңешинин жана башка коллегиалдуу башкаруу органдарынын жыйналыштарынын протоколдорун жүргүзүү тажрыйбасы (кеминде 1 жыл);
- корпоративдик катчынын милдеттерин аткаруу тажрыйбасы (артыкчылыктуу);
- уюмдун башкаруу органдарынын ишин жөнгө салуучу мыйзам талаптарын жана ички ченемдик документтерди билүү;
- жалпы мыйзамдарды билүү:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
- “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- Кыргыз Республикасыны мыйзам алдындагы актыларынын долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча нускама;
- Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча
типтүү нускама;
- предметтик мыйзамдарды билүү:
- “Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- “Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы;
- “Банктар жана банк иштери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деӊгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
- компьютердик жактан сабаттуу жана оргтехника менен иштөөнү билүү,
Шарттар:
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык ишке орноштуруу;
- сыноо мөөнөтү аӊгемелешүүнүн жыйынтыгы менен белгиленет;
Милдеттер:
- Агенттиктин ишинин бардык багыттары боюнча укуктук камсыздоону камсыз кылуу жана анын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштерди жүргүзөт;
- көйгөйлүү зайымчылардын кайрылууларын кароо боюнча иштерди жүргүзөт;
- Агенттиктин иши жана депозиттерди коргоо системасы маселелерин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актылар долбоорлорун иштеп чыгуу жолу менен же иштеп чыгууга катышуу менен Агенттиктин ченемдик-укуктук базасын өркүндөтүү боюнча жумуштарды жүргүзөт;
- Агенттиктин ишин жөнгө салуучу ички жоболорду, методикалык жана маалыматтык материалдарды иштеп чыгат жана иштеп чыгууга катышат;
- Агенттиктин колдонуудагы жана колдонуу мөөнөтү өтүп кеткен ички ченемдик укуктук актыларын Агенттиктин сервериндеги тармактык папкада электрондук түрдө (word, pdf форматында кол коюлган бекитүү/таанышуу барактары менен) үзгүлтүксүз актуалдаштырууну, сактоону жана Агенттиктин ички ченемдик укуктук актыларынын реестрин жүргүзүүнү уюштурат жана камсыз кылат;
- Агенттик тарабынан даярдалган буйруктардын, нускамалардын, жоболордун жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна укуктук экспертиза жүргүзөт, ошондой эле зарыл болгон учурда бул документтерди даярдоого катышат;
- Агенттиктин ишинде келип чыккан укуктук маселелер боюнча корутундуларды, ошондой эле макулдашууга киргизилген ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдайт жана кароого киргизет;
- Агенттиктин аткаруучу директорунун жана Агенттиктин аткаруучу директорунун жетектөөчү орун басарынын тапшырмасы боюнча соттордо, ошондой эле мамлекеттик жана коомдук уюмдарда укуктук маселелерди кароодо Агенттиктин кызыкчылыктарын коргойт;
- Агенттиктин кызматкерлерин колдонуудагы мыйзамдар жөнүндө кабардар кылууну, ошондой эле Агенттиктин кызмат адамдары тарабынан алардын ишине тиешелүү ченемдик укуктук актыларды изилдөө боюнча иштерди уюштурууну камсыз кылат;
- Агенттиктин кызматкерлерине укуктук маселелер боюнча консультация берет;
- Агенттиктин Директорлор кеңешинин ишин камсыз кылат.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
- резюме;
- паспорттун көчүрмөсү;
- тиешелүү кесиптик билимин жана квалификациясын тастыктоочу документтер (билими, квалификациясын жогорулатуу тууралуу документтердин көчүрмөлөрү);
- сунуш каттары (эгер бар болсо).
Документтер 2025-жылдын 25-августуна иш күндөрү дүйшөмбүдөн жумага чейин, 9.00дөн 17.30га чейин (тыныгуу 12.00дөн 13.00гө чейин), Бишкек шаары, Москва көчөсү 190, 1 кабат, Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо боюнча агенттигинде кабыл алынат. Сурап билүү телефону 0312 456 456