Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо фондунун абалы боюнча талдоо
2025-жылдын 30-июнуна карата
2025-жылдын 30-июнуна карата Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо системасынын катышуучулары (мындан ары – ДКС) болуп 21 коммерциялык банк жана 3 депозиттерди тартууга лицензиясы бар микрофинансылык компания (МФК) саналат.
2025-жылдын 26-майында “Элет-Капитал” ААК Микрофинансылык компаниясы №03/25 – МФК номери менен депозиттерди коргоо системасына жаңы катышуучу катары Реестрге киргизилди.
ДКС катышуучуларынын депозиттик базасы акыркы жылдары туруктуу өсүү тенденциясына ээ. 2025-жылдын 30-июнуна карата банктар менен микрофинансылык компаниялардын депозиттери 715,1 млрд сомду, ал эми камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эсеп базасы 616,2 млрд сомду түздү. Кепилденген депозиттердин көлөмү отчеттук кварталда 6,4%га өсүп, 183,2 млрд сомго жетти.
Депозиттерди коргоо фонду туруктуу өсүүдө, жана 2025-жылдын 30-июнундагы абалы боюнча Фонддун көлөмү 8 502,5 млн сомду түздү. Бул көрсөткүч квартал ичинде 6,8%га, ал эми жарым жылда 13,8%га жогорулаган (2025-жылдын башында — 7 470,6 млн сом).
Фонддун негизги түзүү булактары төмөнкүлөр болуп саналат:
ДКС катышуучуларынын топтолгон төлөмдөрү;
инвестициялык ишмердүүлүктөн алынган жана капиталдаштырылган таза киреше;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан түзүү маалында салынган уставдык төлөм.
Өкмөттүн түзүүчү салымы 257,7 млн сом өлчөмүндө Агенттик түзүлгөн учурда которулган жана өзгөргөн эмес.
2025-жылдын II кварталынын аягында Фонддун түзүмүндө эң чоң үлүштү ДКС катышуучуларынын топтолгон төлөмдөрү түздү — 58%, инвестициялык кирешеден алынган капиталдаштырылган таза киреше — 39%, Өкмөттүн уставдык салымы — 3%.
Бардык катышуучулар жылдык 0,2% өлчөмүндө календардык төлөмдөрдү төлөшөт, эсептөөнүн негизин депозиттик база түзөт.
2025-жылдын II кварталында ДКС катышуучуларынан түшкөн жалпы төлөмдөрдүн көлөмү 313,0 млн сомду түзүп, бул I кварталга салыштырмалуу 28,3 млн сомго же 9,9%га көп. Жарым жылдын жыйынтыгы боюнча төлөмдөрдүн өсүшү 21,3% болду.
Катышуучулардын төлөмдөрүнүн жалпы көлөмү оң динамиканы көрсөтүүдө жана кварталдан кварталга өсүп жатат. Жыл ичинде ДКС катышуучуларынын жалпы төлөмдөрүнүн көлөмү 42,4%га көбөйдү.
Гарантиялык учур (катышуучунун лицензиясы чакыртып алынган учурда) болгондо, Фонддун каражаттары жетишсиз болсо, Кыргыз Республикасынын «Банктардын депозиттерин (вкладдарын) коргоо жөнүндө» Мыйзамынын 30-беренесине ылайык, төлөмдөрдүн өлчөмү жогорулашы жана/же бир жолку атайын төлөмдөр белгилениши мүмкүн.тром после беспокойного сна, Грегор Замза обнаружил, что он у себя в постели превратился в страшное насекомое.

