ЕАЭБ аймагында банктык аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу (кепилдик берүү) чөйрөсүндөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүү маселелери боюнча Эксперттик топтун жыйыны
2025-жылдын 17-июлунда Армения Республикасынын Дилижан шаарында Армения Республикасынын Аманаттарды кайтарып берүү кепилдигинин фонду тарабынан Евразия экономикалык комиссиясынын Финансылык рыноктор боюнча Консультативдик комитетине караштуу, ЕАЭБ аймагында банктык аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу (кепилдөө), кредиттик уюмдарды жоюу, финансылык жактан калыбына келтирүү жана кудуретсиздик (банкротчулук) жаатындагы мыйзамдарды шайкеш келтирүү маселелери боюнча Эксперттик топтун кезектеги жыйыны өткөрүлдү.
Аталган жыйынга видеоконференцбайланыш аркылуу Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин өкүлдөрү — аткаруучу директордун орун басары Байбосунов Н.М. жана Агенттиктин кызматкери Шергазиев С.Ж. катышты.
Эксперттик топтун жыйыны Армения Республикасынын Аманаттарды кайтарып берүү кепилдигинин фондунун директору Эрмине Арутюнян жана Фонддун Көзөмөлдөө кеңешинин мүчөсү, Армения Республикасынын Борбордук банк Кеңешинин мүчөсү Нарек Казарян тарабынан айтылган саламдашуу сөздөрү менен башталып, андан кийин Евразия экономикалык комиссиясынын Каржы саясаты департаментинин Банк саясаты бөлүмүнүн башчысы В.В. Ковалев жыйынды расмий ачты.
Жыйындын жүрүшүндө төмөнкү эксперттик корутундулар жана маселелер каралып, талкууланды:
Депозиттерди камсыздандыруу системасында тобокелдиктерди башкаруу, стресс-тест өткөрүү маселеси жана депозиттерди камсыздандыруу уюмунун үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу системасы боюнча Эксперттик топтун корутундуларынын долбоорлору алдын ала каралып чыкты. Бул маселелер боюнча баяндамачылар — Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги;
Аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу (кепилдөө) уюмунда процесстерди башкаруу жана ички көзөмөл системасы тууралуу Эксперттик топтун корутундусунун долбоору алдын ала каралып, маселе боюнча баяндамачылар — Депозиттерди камсыздандыруу боюнча агенттик (Россия Федерациясы);
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын депозиттерди (аманаттарды) камсыздандыруу системаларынын иштеши жаатында шайкеш келтирүү боюнча макулдашылган сунуштар.