Аманаттарды камсыздандыруу (кепилдөө) системасынын финансылык туруктуулукту камсыздоодогу ролу» темасындагы панелдик сессия (Армения Республикасынын Аманаттарды кайтарып берүү кепилдигинин фондунун 20 жылдыгына арналган)
2025-жылдын 18-июлунда Армения Республикасынын Дилижан шаарында Армения Республикасынын Аманаттарды кайтарып берүү кепилдигинин фонду тарабынан Армения фондунун 20 жылдыгына арналган «Аманаттарды камсыздандыруу (кепилдөө) системасынын финансылык туруктуулукту камсыздоодогу ролу» темасында панелдик сессия уюштурулду.
Аталган панелдик сессияга ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин депозиттерди камсыздандыруучу уюмдары жана борбордук банктарынын өкүлдөрү катышышты. Ошондой эле, панелдик сессияга видеоконференцбайланыш аркылуу Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин атынан аткаруучу директор Букуев К.Дж., аткаруучу директордун орун басары Байбосунов Н.М. жана Агенттиктин кызматкерлери катышышты.
Панелдик сессиянын жүрүшүндө төмөнкү темалар каралып, талкууланды:
«Аманаттарды камсыздандыруу (кепилдөө) системасынын финансылык туруктуулукту камсыздоодогу ролу»;
«Интеграцияланган стресс-тесттер жана симуляциялык моделдер — аманаттарды камсыздандыруу системасынын инвестициялык портфелинин стратегиялык туруктуулугун жогорулатуу куралы катары».