ЕАЭБ аймагында банктык аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу (кепилдик) чөйрөсүндөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүү маселелери боюнча эксперттик топтун отуруму.
2025-жылдын 21-22-майында Беларусь Республикасынын мамлекеттик мекемеси «Жеке адамдардын банктык аманаттарынын (депозиттеринин) кепилденген ордун толтуруу боюнча агенттиги» тарабынан Евразиялык экономикалык комиссиянын финансылык рыноктору боюнча консультативдик кеӊешке караштуу Евразиялык экономикалык биримдигинин аймагында банктык аманаттарды (депозиттерди) камсыздоо (кепилдөө), кредиттик уюмдарды жоюу, финансылык жактан бутуна тургузуу жана кудуретсиздик (банкротчулук) жаатында мыйзамдарды шайкештикке келтирүү маселелери боюнча эксперттик топтун кезектеги отуруму уюштурулду.
Бул отурумда Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин атынан анын аткаруучу директорунун орун басары Н.М. Байбосунов жана Агенттиктин кызматкерлери, Танабаев Ч. М. жана Шергазиев С. Ж. катышты.
Эксперттик топтун отуруму Беларусь Республикасынын мамлекеттик мекемеси «Жеке адамдардын банктык аманаттарынын (депозиттеринин) кепилденген ордун толтуруу боюнча агенттиги» башкы директорунун орун басары С.Г. Леганын саламдашуу сөзү менен башталып, андан ары отурумду Евразия экономикалык комиссиясынын каржы саясаты департаментинин банк саясаты бөлүмүнүн башчысы В. В. Ковалев ачты.
Отурумда төмөнкү эксперттик корутундулар жана суроолор каралып, талкууланды:
“Арыздарды онлайн жана арызсыз тапшырганда компенсация төлөө” талкууланды;
“Аманаттарды камсыздандыруу (кепилдик) боюнча уюмдардын мандаты” талкууланды;
“Депозиттерди камсыздандыруу системаларынын иштешине карата ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүү боюнча макулдашылган сунуштар” маселесин талкууланды.







