2025-жылдын 31-мартына карата Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо фондунун өсүш динамикасы
2025-жылдын 31-мартына карата Кыргыз Республикасынын депозиттерин коргоо системасынын катышуучулары (мындан ары — ДКС катышуучулары) болуп Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан депозиттерди кабыл алууга лицензиясы бар 21 банк жана 2 микрофинансы компаниясы саналат.
Кыргыз Республикасынын финансы системасынын депозиттик базасы акыркы жылдарда туруктуу өсүү тенденциясын көрсөттү. Банктардын жана микрофинансылык уюмдардын депозиттери 31.03.2025 ж. карата 679,7 млрд сомду, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча эсептөө базасы 569,5 млрд сомду түздү. Кепилденген депозиттердин көлөмү отчеттук квартал ичинде 5,4%га өсүп, 172,2 млрд сомду түздү.
Депозиттерди коргоо фонду туруктуу өсүүнү көрсөттү жана 2025-жылдын 31-мартына карата анын көлөмү 7 961 млн сомду түзүп, биринчи квартал ичинде 6,6 %га өстү (2024-жылдын акырына карата – 7 471 млн сом).

Депозиттерди коргоо фондун түзүүнүн негизги булактары (маанилүүлүгү боюнча) болуп төмөнкүлөр эсептелет: Депозиттерди коргоо фондунун катышуучуларынын топтолгон төлөмдөр; инвестициялык ишмердиктен алынган капиталдаштырылган таза киреше жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн уюштуруу салымы.
2025-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча Депозиттерди коргоо фондунун түзүмүндө депозиттерди коргоо системасынын катышуучуларынын топтолгон мүчөлүк акы төлөмдөрүнүн үлүшү 58%ды, инвестициялык ишмердиктен капиталдаштырылган таза киреше — 39%ды, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүүчү салымы — 3%ды түздү.
ДКСнын бардык катышуучулары жалпы депозиттик базанын жылына 0,2 пайыз өлчөмүндө календардык мүчөлүк акыларды төлөшөт.
2025-жылдын биринчи кварталында ДКС катышуучуларынан түшкөн төлөмдөрдүн жалпы суммасы 284 миллион сомду түздү, бул 2024-жылдын 4-кварталына салыштырмалуу 26 миллион сомго көп. Катышуучу банктардын мүчөлүк акы төлөмдөрү алардын көлөмү боюнча МФКнын катышуучуларынын салымдарынан кыйла жогору.
Депозиттерди коргоо системасынын катышуучуларынан түшкөн мүчөлүк акы төлөмдөрү (млн сом)
Аталышы | 31.03.24 | 30.06.24 | 30.09.24 | 31.12.24 | 31.03.25 |
Банк мүчөлүк акы төлөмдөрү | 205 | 217 | 232 | 255 | 281 |
МФК мүчөлүк акы төлөмдөрү | 2 | 3 | 3 | 3 | 3 |
Катышуучулардын жалпы төлөмдөрү | 207 | 220 | 235 | 258 | 284 |
Өсүш |
| 5,8% | 6,9% | 10,0% | 10,1% |
ДКС катышуучуларынын мүчөлүк акы төлөмдөрүнүн жалпы көлөмү өсүштүн оң динамикасын көрсөтөт жана кварталдан кварталга өсүүдө. Жыл ичинде төлөмдөрү жалпы көлөмү 37,2%га өстү.
Кепилдик учур келип чыкканда (катышуучунун лицензиясын жокко чыгаруу), Фонддун каражаттары жетишсиз болгон учурда «Банктык аманаттарды (депозиттери) коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине ылайык мүчөлүк акы төлөмдөрүнү өлчөмү көбөйтүлүшү жана/же атайын бир жолку төлөмдөр белгилениши мүмкүн.