2025-жылдын 19-февралында Кыргыз Республикасында Евразиялык экономикалык комиссиянын финансылык рыноктору боюнча консультативдик кеңешке караштуу ЕАЭБ аймагында банктык аманаттарды (депозиттерди) камсыздоо (кепилдөө), кредиттик уюмдарды жоюу, финансылык жактан бутуна тургузуу жана кудуретсиздик (банкротчулук) жаатында мыйзамдарды шайкештикке келтирүү маселелери боюнча эксперттик топтун кезекетеги отуруму болуп өттү.
Оффлайн жана онлайн форматында өткөн отурумда Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Россиянын аманттарды камсыздоо (кепилдөө) жаатында улуттук финансылык институттардын жана борбордук банктардын өкүлдөрү катышты.
Отурумду Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Джумабекович Букуев ачты.
Отурумдун катышуучулары ЕАЭБ аймагында банктык аманаттарды (депозиттерди) камсыздоо (кепилдөө), кредиттик уюмдарды жоюу, финансылык жактан бутуна тургузуу жана ананы кудуретсиздиги (банкротчулук) жаатында мыйзамдарды шайкештикке келтирүүнүн маселелери төмөнкү темаларда талкууланып келди:
- Банктык аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу (гарантиялоо) боюнча уюмдарды каржылоо жана аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу (гарантиялоо)фондун түзүү булактары;
- Депозиттерди (аманаттарды) камсыздандыруу (гарантиялоо)фондунун каражаттарын инвестициялоо тартиби;
- Аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу (гарантиялоо)фондунун каражаттарын пайдалануу багыттары;
- Депозиттерди камсыздандыруучунун жоюлуп жаткан банкка карата талап кылуу укугу (каражаттарды өндүрүү);
- Аманаттарды (депозиттерди) камсыздандыруу боюнча уюмдардын жана камсыздандырылган насыя берүүчүлөрдүн – жеке жактардын талаптарын канааттандыруунун кезектүүлүгү;
- Депозиттерди камсыздандыруу системасы жөнүндө коомчулукка маалымдоо;
- Арыздарды онлайн жана билдирүүсүз берүү учурунда ордун толтуруу.
ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин депозиттерди камсыздандыруучу уюмдарынын жана борбордук банктарынын орток иши жалпы финансы рыногун калыптандыруу үчүн чоң мүмкүнчулүктөрдү берет, евразиялык интеграциянын ажырагыс бөлүгү жана Биримдиктин негизги максаттарын ишке ашыруунун камсыздоочу шарты болуп саналат.


