Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2021-жылдын 6-январында «Элдик турак жай компаниясы» ААКка айрым банк операцияларын жүргүзүү укугуна берген № 01 лицензия жокко чыгарылгандыгына байланыштуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин Аткаруучу директорунун 2024-жылдын 26-февралындагы буйругунун негизинде «Элдик турак жай компаниясы» ААК депозиттерди коргоо системасынын турак жай сактык кредиттик компанияларынын катышуучулар реестринен чыгарылды.
![<span class="hpt_headertitle">«Элдик турак жай компаниясы» ААК депозиттерди коргоо системасынын турак жай сактык кредиттик компанияларынын катышуучулар реестринен чыгарылды</span>](https://www.deposit.kg/wp-content/uploads/2023/12/124-1140x580.png)