Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин маалыматтык технологиялар администраторунун убактылуу бош кызмат ордун ээлөөгө талапкерлерди тандоо боюнча сынак жарыялайт
Биз сунуштайбыз:
· Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык ишке орноштуруу;
· Туруктуу эмгек акы;
· Кызыктуу жана амбициялуу тапшырмалар;
· Алдыңкы эксперттерден тажрыйба алуу;
· Кесиптик көндүмдөрдү үзгүлтүксүз өркүндөтүү жана өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү;
· Иштөө убактысы: Дүйшөмбү – Жума 8:30дан 17:30га чейин;
· Сыноо мөөнөтү аӊгемелешүүнүн жыйынтыгы менен белгиленет.
Талапкерлерге коюлган талаптар:
· Жогорку техникалык билим;
· Тиешелүү иш тажрыйбасы 3 жылдан кем эмес.
· Кесиптик көндүмдөрдү жана квалификацияны, ошондой эле маалыматтык технологиялар боюнча кошумча окутуунун тиешелүү сертификаттарына ээ болуу.
· Маалыматтык технологиялардын принциптерин жана касиеттерин, техникалык (аппараттык), байланыш жабдууларын жана маалымат тутумунун тармактарын долбоорлоону жана эксплуатациялоону билүү.
· Маалыматты иштеп чыгууну, алмашууну жана сактоону автоматташтыруу, маалыматтык коопсуздукту уюштуруу принциптери билүүсү.
· Windows 10/11, Windows Server жана Linuxту орнотуу жана конфигурациялоо, башкаруу боюнча техникалык билим. TCP/IP, DNS жана DHCP протоколдору менен иштөө, роутерлерди конфигурациялоо. Камдык көчүрмөлөрдү түзүү жана маалыматтарды калыбына келтирүү.
· Брандмауэрлерди, антивирустарды жана интрузияларды аныктоо системаларын конфигурациялоо жана коопсуздук коркунучтарын түшүнүү.
· Маалыматтык технологиялар жана маалыматтык коопсуздук боюнча мыйзамдар, анын ичинде ченемдик укуктук актыларды билүү.
· Эмгекти коргоо жана коопсуздук, өндүрүштүк санитария жана өрт коопсуздугунун эрежелери жана стандарттары.
· Көп тапшырманы аткаруу, стресске туруктуу болуу жана командада иштөө жөндөмдүүлүгү;
· Жоопкерчилик, майда-чүйдөсүнө чейин көңүл буруу жана тырышчаактык болуу;
· Кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөй билүү жана негизги англис тилин билүү.
Кандай милдеттерди аткарат:
· Агенттиктин компьютердик, байланыш жана тармактык жабдууларынын, программалык камсыздоонун жана техникалык каражаттарынын үзгүлтүксүз, коопсуз жана талаптагыдай иштешин камсыз кылуу, автоматташтырылган маалымат тутумдарын кайра иштетүү, алмашуу, сактоо жана коргоо, маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу жана маалыматтык системаларды коргоо.
· Тышкы түзүлүштөрдү туташтырат жана алмаштырат, тестирлөө жүргүзөт жана жеке кеңсе жабдууларын жана локалдык тармак кабелдик линияларын оңдойт;
· Контракттарды тейлөөнү уюштурат жана өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде байланыш, программалык жана аппараттык камсыздоо кызматтарын көрсөтүүчү үчүнчү тараптын уюмдары менен өз ара аракеттенет жана тышкы уюмдар менен телекоммуникациялык каналдар аркылуу локалдык тармактын маалыматын алмашууга көмөк көрсөтөт;
· Системалык программалык камсыздоону орнотот, конфигурациялайт жана оптималдаштырат жана колдонмо программалык камсыздоону иштеп чыгат, программалык камсыздоо, оргтехника жана локалдык тармактар үчүн техникалык колдоо жана жардам көрсөтөт;
· Компьютердик антивирустук иш-чараларды жүргүзөт жана программалык камсыздоонун жана маалымат базаларынын, оргтехниканын жана тармактык жабдуулардын бузулушуна байланыштуу өзгөчө кырдаалдарды чечет;
· Агенттиктин кызматкерлерин компьютердик сабаттуулуктун негиздери, колдонмо программалык камсыздоо жана маалыматтык коопсуздук боюнча окутуу иш-чараларын уюштурат;
· Оргтехникага жана тармактык жабдууларга профилактикалык тейлөө жүргүзөт, оргтехниканы жана тармактык жабдууларды оңдоону уюштурат;
· Материалдык-техникалык камсыздоо жана оргтехниканы тейлөө үчүн чыгымдалуучу материалдар жана запастык бөлүктөр менен камсыз кылууну көзөмөлдөйт;
· Жаңы прикладдык программаларды жана программалык камсыздоону ишке киргизет, оргтехниканы жана программалык камсыздоону алардын иштөөгө даярдыгын аныктоо үчүн тестирлөө жана даярдоону уюштурат;
· Агенттиктин локалдык компьютердик жана автоматташтырылган маалымат түйүндөрүндөгү маалыматтарга жана сактагычтарга, анын ичинде резервдик сактоого, автоматташтырылган маалымат тутумдарынын маалыматтарына уруксатсыз кирүүдөн коопсуздукту жана коргоону камсыз кылат;
· Мүчүлүштүктөрдүн себептерин тез аныктоо жана чечүү
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
· резюме;
· паспорттун көчүрмөсү;
· дипломдордун, билими тууралуу аттестаттын көчүрмөлөрү;
· сунуш каттары (эгер бар болсо).
Документтер 2025-жылдын 9-октябрына иш күндөрү дүйшөмбүдөн жумага чейин, 9.00дөн 17.30га чейин (тыныгуу 12.00дөн 13.00гө чейин), Бишкек шаары, Москва көчөсү 190, 1 кабат, Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо боюнча агенттигинде кабыл алынат. Сурап билүү телефону 0312 456 456
Байланыш маалыматы:
· телефон: +996 (312) 456456
· факс: +996 (312) 45 55 27
