
Базарбаев Бактыбек Ашыралыевич — Депозиттерди коргоо фондун башкаруу бөлүмүнүн башчысы
2025-жылдын биринчи кварталы үчүн отчет жана 2025-жылдын 31-мартына карата мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча инвестициялык портфел боюнча башкаруу маалыматы
Агенттиктин 2025-жылдын биринчи кварталындагы инвестициялык ишмердүүлүгү Агенттиктин Директорлор кеңеши бекиткен инвестициялык саясатына ылайык белгиленген лимиттерди жана коэффициенттерди эске алуу менен жүзөгө ашырылды.
Депозиттерди коргоо фондунун мамлекеттик баалуу кагаздарга инвестицияларынан түшкөн киреше 2025-жылдын отчеттук кварталында 230,4 миллион сомду түзүп, өткөн мезгилге салыштырмалуу 28 миллион сомго көбөйгөн. Кирешенин өсүшү инвестициялык портфелдин көлөмүнүн өсүшү менен да, портфелдин орточо кирешелүүлүгүнүн 0,17%га өсүшү менен да байланыштуу.