Ислам каржылоо принциптери
Шарият мыйзамдары боюнча банк иши: өнүгүү тарыхы
Бүгүнкү күндө ислам банк иши эл аралык каржы базарынын эң эле тез өнүгүп келе жаткан сегменттеринин бири, болбосо, 40 жыл мурун исламчыл банкинг (иштер жана кызмат көрсөтүүлөр) дээрлик изилденбеген аймак эле. Исламчыл банк иштери, өзгөчө көпчүлүк Европа өлкөлөрү жана Америка Кошмо Штаттары үчүн кабыл алууга анча түшүнүктүү эмес көрүнүш бойдон калганына карабастан, ага болгон кызыгуу күндөн-күнгө өсүүдө. Муну исламчыл каржы үлгүсү көрсөткөн өсүү темптери да тастыктап турат, акыркы он жылда көрсөткүчү жылыга 15–20%дан берүүдө. Ислам каржы уюмдары Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө (Сауд Аравиясы, БАЭ, Катар), Малайзия, Түркия, Индонезия, Улуу Британия, АКШ, Германияда ийгиликтүү иш алып барууда. Ernst&Young компаниясынын берген баасын алсак, исламчыл финансылык активдердин дүйнөлүк жалпы көлөмү болжол менен 2,5 триллион долларды түзүп, 2025-жылга карата дүйнөлүк мусулманчыл банктарынын активдери 3,4 триллион долларга жетиши мүмкүн. Бул тармакка мындай кызыгуунун себеби эмнеде?
Өткөн жылы бул сегмент 16%дан ашык өстү. Ал эми Эл аралык валюта фондунун (андан ары — ЭВФ) изилдөөсү көрсөткөндөй, ислам банктары салттуу банктарга караганда финансылык кризиске туруктуу экендигин көрсөттү. Исламчыл банк иштери жайгашкан өлкөлөр болуп Египет, Малайзия, Сауд Арабиясы, БАЭ, Кувейт, Катар, Түркия, Индонезия, Бахрейн жана Пакистан саналат. Жакынкы Чыгыштын каржы системасында исламчыл финансылык кызматтардын үлүшү 25%га жетейин деп калды.
КМШ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН Исламчыл Каржылоо (ИК) чӨйрӨсҮндӨгҮ ТАЖРЫЙБАСЫ
Россиядагы исламчыл банкингдин потенциалдуу кардарлары дээрлик 25 миллион орусиялык мусулман.
«Адал» банктык кызматтарын Татарстандагы “Ак Барс” банкы, Казань шаарындагы «Амал» каржы үйү, “Татагропромбанктын” филиалы жана Махачкаладагы «ЛяРиба» банкы сунуштайт. Май айынын аягына чейин Внешэкономбанк Ислам өнүктүрүү банкы (андан ары — ИӨБ, башкы кеңсеси Сауд Арабияда жайгашкан эл аралык каржы уюму) менен келишим түзүүнү пландоодо. Сбербанк Россиянын төрт аймагындагы (Татарстан, Дагестан, Чеченстан жана Башкирия) филиалдарында исламчыл банкинг кызматтарын көрсөтө баштады.
Исламчыл каржылоо ыкмаларын колдонуунун биринчи тажрыйбасы 2003-жылы Казакстанда болгон, анда “Туран-Алем Банкы” мурабаха механизминин негизинде шарияттын талаптарына ылайык каржылоону тарткан (250 миллион доллар).
Казакстанда исламчыл каржылоонун өнүгүү процесси 2007-жылдагы финансылык-экономикалык каатчылык менен байланыштуу болуп, Алматыда Казакстандын Улуттук банкынын (КУБ) базасында Региондук каржы борбору түзүлгөн. 2009-жылы “Казакстан Республикасынын айрым мыйзам актыларына ислам банктарын уюштуруу жана алардын иштери менен исламчыл каржылоону уюштуруу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Мыйзам кабыл алынган, ал эми 2012-жылы Казакстандын Улуттук банкы тарабынан 2020-жылга чейин исламчыл каржылоону өнүктүрүүнүн жол картасы иштелип чыккан жана бекитилген болуучу. 2010-жылдын март айында республикада биринчи ислам банкы — Аль-Хилал каттоодон өткөн. Al-Hilal Bankтын (Абу-Даби) Казакстандагы филиалы толук кандуу ислам банкы болуп саналат, бирок ал корпоративдик каржылоону гана жүзөгө ашырат.
ИӨБ Казакстанда исламчыл каржылоону ишке киргизүүдө жана өнүктүрүүдө чоң роль ойноду. Казакстан ИӨБ уюмуна 1995-жылы 30-ноябрда кирди. 1998-жылы Бүткүл Борбордук Азия жана КМШ боюнча ИӨБ уюмунун биринчи жана азырынча жалгыз Региондук кеңсеси Алматы шаарында ачылган. Дүйнөдө Алматыдагы кеңсени кошкондо, мындай төрт региондук филиал бар (Марокко (1994), Малайзия (1994), Алматы (1998), Сенегал (2008).
2012-жылдын октябрында Казакстан Республикасынын Өкмөтү менен ИӨБ тобу Казакстандын экономикасына болжол менен 1,2 миллиард доллар өлчөмүндө инвестиция тартууну караган Өнөктөштүк өлкөлүк стратегиясына (Membership Country Partnership Strategy – MCPS) кол коюшкан.
ICD эл аралык жана жергиликтүү инвесторлордун чоң тобу менен бирге, анын ичинде “Заман Групптун” ээлери да бар, Казакстанда биринчи даражадагы, капиталы 36 миллион доллар өлчөмүндөгү биринчи исламчыл лизинг компаниясын (Ijara) түздү, ал Казакстандын банк сектору менен тыгыз кызматташтыкта чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө багытталып түзүлгөн. Кийинчерээк Кыргызстанда да ушундай эле лизингдик компания ачылып, иштей баштаган.
2012-жылы постсоветтик мейкиндикте биринчи жолу «Казакстан Өнүктүрүү Банкы» АК (КӨБ) жылдык устөк 5,5% бар жана 5 жылдык төлөп жабуу мөөнөттүү 240 миллион малайзиялык ринггит суммасында «Сукук аль-Мурабаха» орто мөөнөттүү исламчыл облигацияларын чыгарган биринчи эмитент болуп калды.
Кыргыз Республикасында биринчи ислам банкынын түзүлүшүнүн тарыхы 2006-жылдын 16-майында Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ), Кыргыз Республикасы жана «ЭкоБанк» ААК (2010-жылдын 14-майына чейинки эски аталышы, азыркы «ЭкоИсламикБанк» ЖАК) ортосунда Кыргыз Республикасында ислам банк ишин жана каржылоосун ишке ашыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлгандан башталат.
2023-жылдын 23-январында «ЭкоИсламикБанк» ЖАК түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгын белгиледи. Банктын тармагы өлкө боюнча 100гө жакын кеңседен турат жана айына 100 миң кардарды тейлейт.
2008-жылдан бери Шариат Кеңеши «ЭкоИсламикБанк» ЖАКта банктын исламчыл каржылоо принциптерине ылайык иш алып баруусуна кепилдик болуп саналат. Дал ушул ыйгарым укуктуу орган ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операцияларды жүргүзүүгө контролду жүзөгө ашырат. Андан ары 2018-жылы «БТА Банк» ААК Ислам финансы борборун (андан ары — ИФБ) Бишкек шаарындагы филиалдары менен ишке киргизди. Ислам финансы борборунун филиалынын ачылышына “БТА Банк” ЖАКтын Шариат кеңешинин мүчөлөрү, экс-муфтий Чубак ажы Жалилов, “Дин, укук жана саясат” көз карандысыз аналитикалык изилдөө борборунун директору Кадыр Маликов, Кыргызстан Ислам Университетинин проректору Марс Ибраев жана башкалар катышты. Кийинчерээк «Бакай Банк» ААКтын БТА Банк менен бириккенден кийин Ош, Жалал-Абад жана Каракол шаарларында ИФБ филиалдары да ачылган.
“Бакай банктын” “Ислам терезеси (Ислам көзү)” ишинин баштапкы кадамдарында исламчыл банкингдин артыкчылыкка жана талапка ээ болгон өнүмдөрү (банк продуктусу) катары төмөнкүлөр сунушталган: «кардарлык максаттарга «Мурабаха», «Мурабаха-универсал», «Мурабахаавтокаржылоо», «Мурабаха-ипотека» ж.б.. Исламчыл финансы борбору кардарларга Мудараба жана Кард Хасан келишимдерине ылайык өзүнүн акчалай каражаттарын аманат иретинде салуу кызматтарды дагы сунуштап баштаган.
Кийинчерээк, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жактыргандан кийин, 2022-жылы мамлекеттик банктардагы бир нече “ислам терезеси” ачылган, анын ичинде РСК Банк жана Айыл Банк, алар исламчыл каржылоо принциптерине ылайык банк ишин жүргүзүү укугуна лицензия алган.
КАРЖЫЛОО үлгүсү, КАНДАЙ АЙЫРМАЛАР БАР?
Кыргыз Республикасынын базары (мындан ары — КР) Каржылоонун исламчыл принциптерин (андан ары — КИП) өнүктүрүү жана ишке ашыруу жаатында дараметке ээ.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2009, 2013-жылдары банк иштери жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү аркылуу ченемдик укуктук чөйрөнү чыңдоо боюнча бир катар иштерди жүргүзгөн. Бул түзөтүүлөр өлкөдө иштеп жаткан ислам банктарында Шариат кеңештерин түзүүгө, ошондой эле ислам принциптерине ылайык банк операцияларын жүргүзүүнүн жол-жоболоруна тиешелүү жалпы жоболорду камтыган.
IFC (Дүйнөлүк банк) отчетуна ылайык Кыргыз Республикасынын калкынын 80%дан ашыгы ислам динин тутат. Кыргыз Республикасындагы чакан жана орто бизнес (андан ары — ЧОБ) дээрлик 10% кредиттер боюнча пайыздарды төлөө бул ЧОБ өкүлдөрү айткан баалуулуктарга толугу менен карама-каршы келгендиктен, салттуу банктар менен байланышпай келүүнү туура көрүшөт. Иликтөөнүн натыйжаларынын негизинде “IFC отчетунда” 342,2 миллион доллар — 456,3 миллион доллар көлөмүндө чакан жана орто бизнести каржылоо дарамети аныкталган.
Кыргыз Республикасындагы чакан жана орто ишканалардын (бизнестин) дээрлик 80% исламчыл банкингдин өнүмдөрүнө жана кызматтарына артыкчылык берип, жогорку кызыгууну белгиледи. Бул пайдаланылбаган урунттуу дарамет тууралуу кабар берет, анткени учурда Кыргыз Республикасында бир гана ислам банкы жана төрт ислам терезеси иштеп жатат, бул коммерциялык банктар берген бардык кредиттердин үлүшүнөн 1,6%ын гана түзөт.
Исламчыл каржылоо үлгүсүнүн пайдубал негизи болуп, анын кандайдыр бир түрүндөгү кредиттер боюнча сүткорлук пайыздарды эсептөөгө тыюу салуу саналат, анткени бул тыюу Куранда да белгиленген. Бул тыюу «риба» деп аталат жана маңызы боюнча чайкоочул келишимдердин, бүтүмдөрдүн алдын алууга багытталган.
Ислам өзү киреше табуу фактысын айыптабайт, бирок иштин натыйжасынан көз каранды болбогон, туруктуу, кемибес пайда алууга тыюу салат. Башкача айтканда, сый акы, сүткорлуктан пайыздарды алуудагыдай, ишкананын кирешесине карабастан кепилденген кирешенин алдын ала белгиленген суммасын төлөп туруу түрүндө болбош керек. Ислам этикасынын ченемдерине ылайык адам баласынын өзүнүн эмгеги менен ишкердик аракетинин натыйжасында тапкан байлыгы, мисалы, атадан калган мурас же белек адал болуп саналат. Мындан тышкары, пайда кандайдыр бир ишкердик менен байланышкан тобокелдик үчүн сыйлык болуп саналат.
Кадимки (салттуу) банктардан айырмаланып, ислам банкы ишкананын кирешесин жана чыгымын бөлүштүрүү келишиминин негизинде инвестициялайт жана банктын кирешеси кардардын кирешеси менен тыгыз байланышта боло тургандай өз ишин уюштурат. Банк каржылаган долбоорлор менен бирге же киреше алат, же чыгымга учурайт, ошондуктан ал каржылоо чечимин кабыл алуу процессине жакшы катышат.
Материалды атайын “Акчабар” үчүн даярдаган, ислам банкинги боюнча эксперт, Россиянын исламдык каржылоо боюнча эксперттер ассоциациясынын жана Малайзиянын инвестициялык фонддор боюнча сертификатталган адистеринин ассоциациясынын мүчөсү Данияр Мамыров.
Маалымат булагы: www.akchabar.kg
Финнадзор зарегистрировал первый в КР выпуск Сукук аль Мудараба
Финнадзор зарегистрировал первый в Кыргызстане выпуск исламских сертификатов долевого участия (Сукук аль Мудараба) компании ОсОО «Интеркаскад, исламская специальная финансовая компания».
Объем выпуска составил 750 млн сертификатов, по 1 сому за каждый.
«Ценным бумагам присвоен государственный регистрационный номер KG1001233814 от 25 мая 2023 года со сроком обращения до 31 декабря 2030 года», — сообщили в Финнадзоре.
Оригинатором выступает компания «Интеркаскад Трейд энд Файненс Лимитед», зарегистрированная в соответствии с законодательством Гонконга.
«Компания намерена привлечь дополнительные средства для развития бизнеса и готова предоставить владельцам Сукук доли в прибыли от использования привлеченных средств», — поясняют в Службе регулирования и надзора за финансовым рынком.
Добавим, бизнес оригинатора состоит в торговле крупнооптовыми партиями бытовой и промышленной техники с рынков стран Юго-Восточной Азии на рынки стран Центральной Азии. Между эмитентом и оригинатором заключено инвестиционное соглашение, основанное на принципах договора Мудараба.
источник: www.akchabar.kg
ФИННАДЗОР ЗАРЕГИСТРИРОВАЛ ЕЩЕ ОДИН ВЫПУСК «СУКУК АЛЬ МУДАРАБА»
Финнадзор зарегистрировал выпуск исламских сертификатов долевого участия («Сукук аль Мудараба») компании ОсОО «Рахма Инвест исламская специальная финансовая компания».
Объем выпуска составил 4.5 млрд экземпляров, по 1 сому за каждый.
«Ценным бумагам присвоен государственный регистрационный номер КG 1401237118 от 1 сентября 2023 года со сроком обращения до 31 декабря 2035-го», — сообщили в Финнадзоре.
Оригинатором выступает компания «Рахма Био Фарма Коммерсиал Брокерс ЛЛС», зарегистрированная в соответствии с законодательством Объединенных Арабских Эмиратов.
«Компания намерена привлечь дополнительные средства для развития бизнеса и доли в прибыли от использования привлеченных средств»,— поясняют в Службе регулирования и надзора за финансовым рынком.
Добавим, бизнес оригинатора работает на растущем рынке нутрицевтиков и пищевых добавок. Taslim — представляет с собой суперпитательный пребиотический напиток, который разработан новаторски для улучшения обмена веществ, ограничения тяги к еде и улучшения самочувствия.
В Кыргызстане зарегистрировали еще один «Сукук аль Мудараба»
Финнадзор произвел государственную регистрацию очередного в Кыргызстане выпуска исламских сертификатов долевого участия («Сукук аль Мудараба»). Это ОсОО «Пьюрмонт Капитал, исламская специальная финансовая компания».
Объем выпуска составил 5.7 млрд экземпляров на 5.7 млрд сомов. Срок обращения — до 31 декабря 2033 года.
Оригинатором выступает ОсОО «Пьюрмонт Дженерал Трейдинг ЭлЭлСи», зарегистрированная в соответствии с законодательством Объединенных Арабских Эмиратов.
Компания намерена привлечь дополнительные средства для развития бизнеса и готова предоставить владельцам «сукук» доли в прибыли от использования привлеченных средств.
источник: www.akchabar.kg
Исламское финансирование. В КР появилось еще два Сукук аль Мудараба
Служба надзора и регулирования за финансовым рынком произвела государственную регистрацию первого выпуска исламских сертификатов долевого участия двух компаний (Сукук аль Мудараба). Об этом сообщает Финнадзор.
В частности, это ОсОО «Рахма Инвест, исламская специальная финансовая компания» и ОсОО «Пьюрмонт Капитал, исламская специальная финансовая компания».
- «Рахма Инвест, исламская специальная финансовая компания» прошла процедуру регистрации 3 июля текущего года, главой значится Стальбек Джумадилов.
- «Пьюрмонт Капитал, исламская специальная финансовая компания» на рынке с марта этого года, Гузаль Мустафаева является директором компании.
Напомним, регистрация двух «сукук» стала вторым случаем в истории Кыргызстана. Ранее был только один «Сукук аль Мудараба» компании ОсОО «Интеркаскад, исламская специальная финансовая компания».
Добавим, заместитель исполнительного директора Агентства по защите депозитов Нурлан Байбосунов рассказал, что в Кыргызстане потребность в выпуске ценных бумаг «сукук» составляет более 3.3 млрд сомов.
источник: www.akchabar.kg
Ислам принциптерине таянып, шарият тартибине төп келген насыялоо иштерин бир гана Экоисламик банкы эле эмес, ага катарлаш бирдей шартта иш алып барып жаткан айрым коммерциялык банктар дагы жүргүзүп жаткандыгын атоого болот. Бул тууралуу маалымат берген Жогорку Кеңеш депутаты Надира Нарматова бүгүн, 6-сентябрда «Парламент» радиосунда болду.