23 Сен

Кыргыз Республикасынын Аманаттарды коргоо боюнча агенттигинде 23 сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата Агентиктин иш жамаатынын “Тилим менен улукмун-тилим менен тунукмун” мааракеси болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Аманаттарды коргоо боюнча агенттигинде 23 сентябрь Мамлекеттик тил  күнүнө карата Агентиктин  иш жамаатынын “Тилим менен улукмун-тилим менен тунукмун” деген демилгедеги майрамдык мааракеси  болуп өттү. Бул жыйындын башталышында Агентиктин аткаруучу директору Э.Мурзабеков кыргыз тилинин мамлекеттик тил болгонуна быйыл 30 жылдык мааракеси, тагыраак айтканда 1989-жылдын 23-сентябрынан баштап  Кыргыз тили мамлекеттик тил деген статуска ээ болуп, ошондон бери бул күн өлкөбүздө тил майрамы катары белгиленип келе жатат деген маалымат берди.

 

Кыргыз тилинин байыркы тарыхын баяндап, ошондой эле азыркы колдонулуп жаткан кыргыз тилинин орфографиясынын соңку редакциясы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2008-жылы 26-июнь кабыл алынган, № 567 токтому менен бекитилген деп баса белгиледи Э.Мурзабеков.

 

Агентиктин жааматы белгилүү кыргыз адабиятчыларынын, жазуучуларынын аңгеме ыр саптарынан үзүндүлөрдү окуп беришти, кыргыз тили жөнүндө ой пикирлери менен бөлүштү. Кыргыз тилинин түзүлүшү, тарыхы жөнүндө документалдык тасма дагы көрсөтүлдү.

 

Жыйындын  аягында Э.Мурзабеков Алыкул Осмоновдун төрт сап ырын эске салып кетти:

“Бирге жүрөм эне тилин кадырлайм,

Бул тил менен иштейм, сүйлөйм, ыр ырдайм,

Башка тилди кандай жакшы көрсөм да,

Эне тилин сүйгөнүмдөн жаңылбайм”

Leave A Comment